ӨРКӨНҮҢ ӨССҮН
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Көбүнчө жаштарга карата зоболоң көтөрүлсүн, бактылуу бол деген мааниде берилүүчү бата, алкыш. Ырахмат, балам, өркөнүң өссүн! (Медетов). Өркөнүң өссүн дешип алкашты (Борбиев). Омор уулуна эскертип коет: - Жакшы өс, өркөнүң өссүн! (Сыдыкбеков).